Солидагорен (Solidagoren)

Солидагорен – бөйрөктүн сезгенүү ооруларынын натыйжалуу жана коопсуз терапиясы, дизуриялык бузулууларды түзөтүү жана табарсыкта таштардын пайда болуусунун алдын алуу үчүн, ошондой эле аларды алгандан кийин заара чыгаруучу жолдорду дарылоочу (метафилактика) акваретикалык активдүүлүктөгү фитоуроантисептик.

Солидагорен заара бөлүп чыгаруу жолдорун дарылоодо комплекстүү мамилени камсыздайт – заара бөлүп чыгаруу жолдорунун ишиндеги бузулуулардын этиологиясы жана патогенезине таасир этүү менен симптомдорун жоёт. 

Солидагорен – заара бөлүп чыгаруу жолдорунун курч жана өнөкөт ооруларын дарылоо үчүн узак убакыт боюу колдонууда келип чыккан  электролиттик бузулуулардын өөрчүү тобокелчилигин пайда кылбайт, ошондой эле заара бөлүп чыгаруу жолдорунда (дүүлүккөн табарсык синдрому, цистит, пиелит, уретрит, пиелонефрит, бактериурия)  таштын пайда болуусунун алдын алуу үчүн антибактериялык, сезгенүүгө каршы, ооруну басуучу, тынчтандыруучу, таштарды эритүүгө көмөктөшүүчү жана жумшак заара айдоочу таасирлерге ээ болгон оригиналдуу үч компоненттүү немис фитопрепараты.

Урогениталдык тутумдун өнөкөт, курч жана кайталанган ооруларында базалык терапияны камсыз кылат. 

Колдонуунун натыйжалуулугу жана коопсуздугу илимий изилдөөлөрдүн жүрүшүндө далилденген.