“Альпен Фарма” компаниясынын ишмердүүлүгүнүн алгачкы багыты болуп бейтаптардын саламаттыгына кам көрүү саналат. Ошондуктан, компаниянын дары-дармектеринин коопсуздугу жана натыйжалуулугу менен байланышкан маалыматтарды чогултуу – биздин иштин маанилүү бөлүгү. Бул максатка жетүү үчүн «Альпен Фарма» компаниясынын Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүндө фармакологиялык көзөмөлдүн тутуму түзүлгөн.
Эгер сиз пайда болгон кыйыр таасирлер жана/же «Альпен Фарма» компаниясынын дары каражатын колдонууда натыйжалуулуктун жоктугу тууралуу билдиргиңиз келсе, сураныч, ушул беттеги атайын форманы толтуруңуз же төмөнкү телефондор (эже e-mail) аркылуу керектүү маалыматты билдириңиз. Сиздин билдирүүңүздү алгандан кийин биздин кызматкер милдеттүү түрдө сиз менен байланышат.
Уюлдук телефон (+ 996) 555 164 032