Биз жөнүдо

Биздин баалуулуктар

Биздин миссия: «In the name of health!»

“Альпен Фарма АГ” компаниясы – коомго ооруларды дарылоонун жана алдын алуунун инновациялык ыкмаларын алып келүүчү, туруктуу, социалдык жактан жоопкерчиликтүү жана этикалуу компания. Биздин компаниянын ишмердүүлүгү сулуулукту жана саламаттыкты колдоого жана сактоого, ошондой эле биздин планетанын миллиондогон элдеринин жашоо сапатын өркүндөтүп, жакшыртууга багытталган.

 

“Альпен Фарма АГ” компаниясы  медициналык жана дарылоочу-профилактикалык мекемелер, практикалык дарыгерлер, провизорлор жана фармацевтикалык өнүмдөрдүн керектөөчүлөрү менен иш жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурат; тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүүчү илимий-практикалык конференциялар жана семинарларды, ошондой эле дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү программаларын өткөрүүнү активдүү колдоп турат.

 

“Альпен Фарма АГ” компаниясы  планетанын жашоочуларынын саламаттыгын сактоого жана сапатын жогорулатууга багытталган көптөгөн медициналык-социалдык программалардын демилгечилери жана аларды ишке ашыруучусу болуп эсептелет: “Саламат балалык- саламат улут”, “Кертиксиз жашоо”, “Мен өзгөчөмүн” жана у.с.

 

“Саламаттык үчүн” – бул биздин бардык ишмердүүлүгүбүздү аныктаган “Альпен Фарма”, компаниясынын  асыл миссиясы

 

Биздин баалуулуктар

 

Дары-дармек менен камсыздоо тармагында иштеп жаткан ар бир адам үчүн  эң биринчи орунда бейтап турат. Ошондуктан биздин профессионалдуулугубуз, дары-дармектердин натыйжалуулугуна милдеттүүлүгүбүз жана алардын коопсуздугу ар бир адамды жана баардыгын дары-дармек менен сапаттуу камсыздоону тартуулоо үчүн жардам берет, ал эми жашообузду жакшыртат.

 

Биз “Алпен Фарма”нын ар бир кардарынын, бейтаптын, дарыгердин, фармацевттин калоолорун аткарганга умтулабыз жана муктаждыктарын канааттандырганга аракет кылабыз – булар – биздин негизги милдетибиз.

 

Эффективдүүлүгү жана коопсуздугу көп жылдан бери ондогон дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө миллиондогон бейтаптар колдонгон ийгиликтүү тажрыйбасы менен далилденген дары-дармектерди сунуштап жатып биз коомдун алдындагы милдетибизди негизги баалуулугубуз деп билебиз.