Биз жөнүдо

Альпен Фарма Кыргызстандагы

«Альпен Фарма» Кыргызстандагы

«Альпен Фарма» компаниясынын Кыргызстандагы тарыхы, Бишкекте  «Альпен Фарма АГ» («Alpen Pharma AG») өкүлчүлүгү ачылганда, 2009-жылдан башталат. Бейтаптарга жакын болууга умтулуп, компаниянын өнүмдөрүнүн спектрлери жеткиликтүү болушу үчүн, «Альпен Фарма» компаниясынын адистеринин командасы бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында иштеп жатышат. 

 

«Альпен Фарма АГ» өкүлчүлүгүнүн  Кыргызстандагы дары-дармектер портфели жылдан-жылга толтурулуп турат жана бейтаптардын кеңири чөйрөсүн жана ар кандай адистеги дарыгерлердин талаптарына туура келген көп сандагы дары-дармек каражаттарын камтыйт.   Бүгүн «Альпен Фарма АГ» Кыргызстанда Европанын «Deutsche Homoopathie-Union» – «DHU Arzneimittel GmbH & Co.KG» (Германия), «Engelhard Arzneimittel GmbH» (Германия),  «Biomed» (Польша) аталган белгилүү фармацевт өндүрүүчүлөрдү сунуштап көрсөтөт. 

 

 

«Альпен Фарма АГ» (Берн, Швейцария) компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү медициналык жана дарылоо-профилактика мекемелери, иштеп жаткан дарыгерлер, провизорлор жана фармацевт өнүмдөрүн талап кылуучулар менен иштөөгө эң чоң көңүлүн бурат; тажрыйба алмашууга көмөк болгон клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, илимий-практикалык конференцияларды жана семинарларды өткөрүүнү активдүү колдойт, ошондой эле дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча билим программаларын ишке ашырат.

 

       

«Альпен Фарма АГ»  компаниясы –  туруктуу, социалдык жактан жоопкерчилиги бар жана коомго дарылоонун жана ооруну алдын алуунун инновациялык ыкмаларын алып келүүчү, анын ишкердүүлүгүн «In the name of health!» (“Саламаттык үчүн”) деген миссия аныктаган, этикалык компания болуп эсептелет.    e-mail: www.alpenpharma.com.kg