Өнөктөштүк

Биз өнөктөштүккө дайыма ачыкпыз

Альпен Фарма – эл аралык компания, өкүлчүлүктөрү дүйнө жүзүнүн көп өлкөлөрүндө иштеп жатат. Ушундай ийкемдүү түзүлүшүнөн улам, биз өнөктөштөр үчүн ар дайым ачыкпыз. Бул көп жылдык жана жемиштүү кызматташтыкка шарт түзөт. Кызматташтыкка  жекече мамиле көрсөтүү ар бир өнөктөш менен өз-ара пайдалуу мамилелерди өстүргөнгө шарт түзөт.

in_uk_1.jpg

 

Биздин стратегиялык артыкчылыгыбыз

 

Көптөгөн жакшы идеялар сырттан келээрин биз жакшы билебиз, ошондуктан башка компаниялар, уюмдар жана изилдөө борборлору менен кызматташуу биздин бизнес-стратегиябыздын негизги бөлүгү болуп эсептелет.  Өнөктөштүк жана инновациялык мамилелерди өнүктүрүү – биздин стратегиялык артыкчылыгыбыз.

 

in_uk_2.jpg

 

Биз менен өнөктөштүктүн пайдалуу жактары

 

Альпен Фарма менен өнөктөштүк сиздерге төмөндөгүдөй тажрыйба алганга жардам берет: 

  • абдан кеңири кызматташтык;
  • жаңы рынокту ачууга жана өнүктүрүүгө, бизнес-багыттарды ачууга;
  • илимий-клиникалык изилдөөлөрдү; 
  • инновациялык чечимдер.

 

Биз менен кызматташып жатып, Сиздер биздин аймактардагы командаларыбыздын эксперттик көмөгүн колдоно аласыздар. Биздин кызматкерлердин жардамы менен Сиздердин өнүмдөр дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүнүн келечектүү базарларында сунушталат. Биз сиздердин идеяларыңызды жана өнүмдөрүңүздү бардык бизнес-этаптарда колдоп бардык болгон кызматтарды сунуштайбыз.

 

in_uk_3.jpg

 

Биздин максат

 

Биз ар кандай фармацевтика жана пара фармацевтика тармактарында кызматташтыктын болочоктогу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыктарбыз. Биздин максат – бейтаптардын муктаждыктарын эффективдүү канааттандыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү, тажрыйбаларды жана ресурстарды тартуу болуп эсептелет.

 

Бизнести өнүктүрүүдө биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз тууралуу көбүрөөк билгиле.