Гастритол (Gastritol)

Гастритол – АИТ (ашказан ичеги тутуму) ишиндеги функционалдык, анын ичинде стресстик бузулууларды,  дарылоо үчүн коопсуз жана таасирдүү фитопрокинетик.
Тамак-аш ыңгайсыздыгын жөнгө салат жана ашказандын ден соолугун стресс учурунда коргойт. 

Атайы тандалган стандарттуу экстракттардан алынган салттуу өсүмдүк курамы Европада 70 жылдан ашык убакыттан бери колдонулуп келе жатат. 

Ашказан-ичеги тутумунда жергиликтүү натыйжа катары, ошондой эле ашказандын секретордук жана кыймылдоо функциясына борбордук дагы таасирин тийгизет. Гастритол көбүрөөк кездешкен симптомдорду жоюу менен АИТга эле таасирин тийгизбестен, ошондой эле АИТнын функцияларынын бузулушуна түрткү берүүчү эң маанилүү аспектилердин бири – неврогендик факторго дагы таасирин тийгизет.

Колдонуунун натыйжалуулугу жана коопсуздугу илимий изилдөөлөрдүн жүрүшүндө далилденген.