Көңүл бургула
Сайттын бул бөлүгү жарнамасы мыйзамы тарабынан каралбаган дары каражаттары жөнүндө маалыматты камтыйт. Бул бөлүктөгү маалымат таанышуу үчүн гана берилген, жалгыз гана илимий-маалыматтык мүнөзгө ээ жана кеңири тараптар үчүн жарнама мүнөзүндөгү Маалымат катары бааланбаш керек. Колдонуудагы мыйзамына ылайык бул маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүнө жалгыз гана медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлер ээ. Сураныч, сиз медициналык же фармацевтикалык кызматкерлер экениңизди ырастаңыз.

Дистрептаза (Distreptaza)

Статистика боюнча кичи жамбаш чарасынын органдарынын сезгенүү оорулары (жумурткалыктардын, жатындын, урук безинин сезгенүүсү ж.б.) – репродуктивдик курактагы (16 жаштан 49 жашка чейин1) бейтаптардын көп кездешкен көйгөйлөрү. Мындай оорулар, тукумсуздук, жатындын сыртына бүткөн кош бойлуулук, айыз функциясынын бузулушу, органдардын биригип өсүү оорулары, өнөкөт жамбаш чарасынын оорулары сыяктуу олуттуу татаалдашуулардын өнүгүү тобокелчилиги менен коркунучтуу. Эгерде сезгенүү келип чыккан болсо, дарылоону тандоого болгон мамиле кесипкөй, салмакталган жана комплекстүү болууга тийиш. Дарылоо схемасына киргизишет: терапиянын биринчи күнүнөн тарта эле кан айланууну калыбына келтирүү, антибактериялык перапаттардын сезгенүүнүн очогунда топтолуусун көбөйтүү, сезгенүү процессин жана оорунун кайталанышын, тукумсуздуктун келип чыгышы же органдардын биригип өсүү оорусунун өөрчүшүнө бөгөт коюу   2,4-6. Андыктан сезгенүү терапиясынын схемасына Дистрептаза  препаратын киргизүү дарылоонун натыйжалуулугун 96- 98%га чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет 2,4,5,6.

Дистрептаза гинекологиялык, урологиялык патологияны дарылоо үчүн, проктология, дерматовенерология, хирургдун тажрыйбасында операциядан кийинки мезгилде ийгиликтүү колдонулат 6-9,12. Дистрептаза  өзүн сезгенүүнүн комплекстүү терапиясында эле эмес, ошондой эле эркектердин жана аялдардын тукумсуздугун, жумурткалыктардын ыйлаакчаларын дарылоодо, бойдон алдыргандан кийинки же токтотулган кош бойлуулуктан кийин эрте калыбына келтирүүдө, курсак көңдөйүнө жана кичи жамбаш чарасына жасалган операциядан кийин сезгенүү жана органдардын биригип өсүү белгилерин жоюу үчүн дагы ийгиликтүү көрсөттү 6-9. Дистрептаза асептикалык сезгенүүнү токтотуу жана жамбаш чарасынын ооруларын жана органдардын биригип өсүү процессинде дарылоодо оору синдромун азайтууда монотерапия катары колдонулат 10,11.   

Дистрептаза – сезгенүү, органдардын биригип өсүү ооруларын, тукумсуздукту дарылоодо пайдаланылат. 

Дистрептаза ректалдык суппозиторийлер №6: өндүрүүчү “Биомед-Люблин” Витвурня Суровиц жана Щепйонек Спулка Акцийна (Польша), р. с. №UA/ 5275/01/01.

* Медицина жана фармациянын адистери үчүн кесиптик ишмердүүлүгүндө колдонуу үчүн маалымат. Колдоноордун алдында нускама менен таанышыңыздар. Балдардын колу жетпеген жайда сактагыла. 
1. Women’s health. Fact sheet N°334. Updated September 2013,http://www.who.int/mediacentre/factsheets/fs334/en/
2. Украинанын ССМинин 27.12.2011 № 977 “Украинанын ССМинин 15.12.2003 №582 “Акушердик жана гинекологиялк жардам боюнча клиникалык протоколдорду бекитүү жөнүндөгү” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Буйругу. Украинанын ССМинин № 431 03.07.06. Буйругу. Өнөкөт простатитте медициналык жардам көрсөтүүнүн клиникалык протоколу.
3. Дистрептаза препаратын медициналык пайдалануу боюнча нускама.
4. В.А.Потапов ж.б. Дистрептаза – өнөкөт сальпингоофориттин курчушу менен жабыркаган  аялдардын кичи жамбаш чарасындагы сезгенүү жообун жана кан айлануунун бузулууларын патогенетикалык коррекция көйгөйлөрүн жаңы чечүү, Аялдын репродуктивдик ден соолугу №4 (38). 2008.
5. В.А. Потапов ж.б. Жатындын лейомиомасы менен жабыркаган аялдардын репродуктивдик функциясын операциядан кийинки эрте калыбына келтирүү стратегиясы. Аялдын ден соолугу, №10 (76), 2012.
6. Б. М. Венцковский ж.б. Кичи жамбаш чарасынын органдарынын өнөкөт сезгенген ооруларын курчуган баскычында дарылоонун заманбап тактикасы (усулдук сунуштар). Украина ССМ, 2009. 
7. Є.А. Литвинец ж.б. Хламидия инфекциясы менен шартталган экскретордук-уулуу тукумсуздук менен жапа чеккен эркектерди дарылоо. Эркектердин саламаттыгы, №1, 2012.
8. Т.И. Тамм ж.б. Дистрептаза препараты менен курч парапроктит менен жапа чеккен бейтаптардын операциялык жараттарын жергиликтүү дарылоо., Эркектердин саламаттыгы, №3, 2012.
9. С.М. Онищенко ж.б. Ичегин курч кармаган жабышып бүтөлүүсүн операциялык дарылоонын алыскы жыйынтыктары. Эркектердин саламаттыгы №3, 2012.
10. И.З. Гладчук ж.б.  Жатындын миомасы жана эндометриоз менен жапа чеккен тукумсуз аялдарды хирургиялык дарылоодон кийинки пайда болгон органдардын биригип өсүүсүнүн алдын алуу. Аялдын репродуктивдик саламаттыгы, 35 (39), 2008.
11. О.Ю. Щербак ж.б. Дизурия менен жапа чеккен бейтаптарды простатанын гиперплазиясы боюнча операциядан кийинки комплекстүү дарылоодо  Дистрептазаны колдонуу, Эркектердин саламаттыгы, №4, 2009.
12. А.Я. Сенчук ж.б. Репродуктивдик курактагы аялдардагы айыз функциясынын бузулушу жана сальпингоофорит менен ооруган бейтаптарды дарылоону оптималдаштыруу. Аялдын саламаттыгы. 2012; 10(76): 1-8.