2024-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында гинекология, урология жана проктология багыттарын бириктирген дисциплиналар аралык илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чара айымдар жана мырзалардын гинекология, урология жана проктология тарабынын ооруларын диагностикалоого жана дарылоого заманбап ыкмаларды талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Конференцияда репродуктивдүү ден соолуктун, жана гинекология урология ооруларын диагностикалоонун жана дарылоонун, ошондой эле заманбап хирургиялык жана аз инвазивдүү дарылоо ыкмаларын колдонуунун негизги маселелери каралды. Кесиптик тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулуп, татаал клиникалык учурларды талдоо жана дисциплиналар аралык кызматташтыкты бекемдөөгө Alpen Pharma компаниясы конференциянын демөөрчүсү катары чыгып, проктологияда дистрептазаны колдонуу боюнча лекция окуду.
Конференцияда ошондой эле адистердин квалификациясын жогорулатууга жана аларды медицина тармагындагы акыркы жетишкендиктер менен тааныштырууга багытталган илимий баяндамалар жана практикалык мастер-класстар өткөрүлдү.