Пресс-борбор

«Alpen Pharma» симпозиуму «ISIAN & IRS 2024» конгрессинд

21.05.2024

 

 

42чи ISIAN конгресси жана 24чү IRS конгресси (ISIAN & IRS 2024), 2024-жылдын 4 – 6-апрели Токио, Жапония

2024-жылдын 4-апрелинен 6-апрелине чейин Жапониянын Токио шаарында ISIAN & IRS 2024 конгресси өттү.

Alpen Pharma Group бул эки салттуу абройлуу конгресске катышуу жана ЛОР коомчулугунун негизги лидерлери менен илимий өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сонун мүмкүнчүлүккө ээ болду.

ISIAN & IRS 2024 ар кайсы өлкөлөрдөн бул тармактын 900дөн ашык алдыңкы жана таасирдүү өкүлдөрүн чогултту.

05-апрелде Токиодо өткөн конгрессте биз маанилүү ишчараны – Alpen Pharma симпозиумун уюштурдук жана анда риносинуситти дарылоодо табигый жардамчы катары Циннабсиндин (Синосандын) эффективдүүлүгү жана коопсуздугунун өзгөчөлүктөрү, мүмкүнчүлүктөрү жана илимий далилдери сунушталды.

Симпозиумдун темасы: Симптомдорду тез жеңилдетүүнү жана узак мөөнөттүү дарылоону оптималдаштырууну эффективдүү камсыздаган синоназалдык инфекцияларды жана сезгенүүнү дарылоо үчүн табигый каражаттар.

Биз төмөнкү эл аралык таанымал жана кадыр-барктуу лекторлорду жана модераторлорду чакыруу сыймыгына ээ болдук:

Доктор Мартин Дезрозьер (Martin Desrosiers MD FRCSC), синус-хирург, Монреал университетинин оорукана борбору, клиникалык профессор, Монреал университети, клиникалык изилдөөчү, CRCHUM: «Жандуу синустар лабораториясы».

Профессор Вичева – ERS 2023-2025 президенти, Пловдив медициналык университетинин оториноларингология кафедрасы, Болгария; ЛОР клиникасы, «Каспела» университетинин ооруканасы, Пловдив, Болгария

Доктор Каваучи – Хидеюки Каваучи, медицина доктору, илимдердин доктору, профессор. Микробиология кафедрасы, медицина факультети, Симанэ университети, Жапония

Модераторлор:

Профессор Валери Лунд – Валери Джоан Лунд DBE MS FRCS, британиялык хирург жана 2024-жылдын Жаӊы жылдык сыйлыктарынын алкагында CBE категориясынан DBE категориясына которулган Лондон университеттик колледжинде эмгеги сиӊген ринология профессору.

Доктор Роберт Керн – Джордж А. Сиссон атындагы баш жана моюн хирургиясы бөлүмүнүн төрагасы, медицинанын доктору, отоларингологиянын – баш жана моюн хирургиясынын жана медицинанын профессору (аллергия жана иммунология).

Симпозиумдун модераторлору жана катышуучулары уккан илимий маалыматтарга ыраазы болушуп, мындай семинар Циннабсинге байланыштуу мындан аркы изилдөөлөр жана басылмалар үчүн талкуу, билим, жетишкендиктер жана идеялар менен алмашуу жана ошондой эле аны риносинуситти комплекстүү дарылоодо толук кандуу колдонуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт деген жыйынтыкка келишти.

ISIAN & IRS 2024 конгрессинин жүрүшүндө Alpen Pharma Group ошондой эле көргөзмө мейкиндигине катышты: анын көргөзмө стенди абдан кооз жана жагымдуу көрүнүшү, кесипкөй илимий материалдары, видео презентациясы жана элеганттуу белектери менен айырмаланып турду.

Бул конгресс баалуу жана маалыматты арттыруучу тажрыйба болду жана ал компаниянын жана анын продукциясынын мындан аркы өнүгүшү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү алып келет деп ишенебиз.