Көңүл бургула
Сайттын бул бөлүгү жарнамасы мыйзамы тарабынан каралбаган дары каражаттары жөнүндө маалыматты камтыйт. Бул бөлүктөгү маалымат таанышуу үчүн гана берилген, жалгыз гана илимий-маалыматтык мүнөзгө ээ жана кеңири тараптар үчүн жарнама мүнөзүндөгү Маалымат катары бааланбаш керек. Колдонуудагы мыйзамына ылайык бул маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүнө жалгыз гана медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлер ээ. Сураныч, сиз медициналык же фармацевтикалык кызматкерлер экениңизди ырастаңыз.

Инфлюцид (Influcid)

Статистика боюнча, ОРВИ жана сасык тумоо – адамзат ооруган эң жайылтылган оору болуп эсептелет. Бул ооруну чакырган түрдүу вирустардын чоңдугун жана түрдүүлүгүн эске алып, аны менен ийгиликтүү күрөшө турган дары керек.

Инфлюцид* – сасык тумоо вирусуна эле эмес, ОРВИ пайда кылган көпчүлүк вирустарга каршы таасир тийгизген немис накта комплекстүү каражаты**.

Оору башталганда эле Инфлюцид ОРВИ жана сасык тумоонун: баш оорунун, булчуңдардагы оорунун, калтыратма, ринит, фарингиттин түрдүү пайда болууларын тез четтетүүгө көмөк көрсөтөт. Инфлюцид – интерферондун кубаттуу накта индуктору, ал эми интерферон – организмди коргоонун алгачкы сызыгынын башкы элементи. Инфлюциддин дагы бир артыкчылыгы – оору бүткөндөн кийин асения (алсыроо жана чарчаңкылык) пайда болуусун бир кыйла төмөндөтүп, кадимки жашоого тез аралашууга жардам берет.

Инфлюцид – вирус менен эле күрөшпөстөн, ОРВИ жана сасык тумоо белгилерин четтетет, ошондой эле иммунитетти чыңдап, вирустардан коргойт. Ушуга ылайык, Инфлюцидди ОРВИ жана сасык тумоону дарылоо үчун дагы, алдын алуу үчүн дагы колдонсо болот.

Инфлюцид чыгаруунун эки формасы бар: таблеткалар (чоңдорго жана 1 жаштан блдарга) жана тамчылар (чондорго жана 12 жаштан жогору балдарга) жана дарыканадан рецептсиз чыгарылат.

Инфлюцид – ОРВИ жана сасык тумоону экстрендик алдын алуу жана дарылоо үчүн!

Инфлюцид таблеткалары: өндүрүүчү  DHU Arzneimittel GmbH & Co. KG (Германия), р. с. П – 2011 – 653 КР № 8938 от 28.12.2011.

* Дары каражатынын жанамасы. Колдонордун алдында нускамасын менен таанышыңыз жана дарыгерден кеңеш алыңыз. Балдар жетпеген жерде сактагыла.
** Еропкин М. Ю. и др. название статьи/ РМЖ Медицинское обозрение. – 2011. – № 18.

Өз алдынча дарылануу саламаттыңызга зыян келтириши мүмкүн

Тумоону жана курч респератордук вирустук инфекцияны (КРВИ) алдын алуу жана дарылоо. Интерферондун табигый көрсөткүчү

Чыгаруу формасы: табл., №60, 20 таблеткадан үч блистер

Курамы:
Aconitum Trit. D3 25 мг
Gelsemium Trit. D3 25 мг
Ipecacuanha Trit. D3 25 мг
Phosphorus Trit. D5 25 мг
Bryonia Trit. D2 25 мг
Eupatorium perfoliatum Trit. D1 25 мг

Башка курам бөлүктөрү: моногидрат лактозалары, стеарат магнийи, буудай крахмалы.

Фармакотерапевттик тобу:
Гомеопатиялык дары-дармек каражаттары.

Каршы көрсөтмөлөрү:
Дары каражатынын кандайдыр бир курам бөлүктөрүнө абдан сезгичтик.

Кыйыр таасирлери:
Сейрек учурларда абдан сезгичтик реакциясы теридеги кызамыктар, аш казандын иштөөсүнүн бузулушу менен болот. Гомеопатиялык дары-дармек каражаттарын кабыл алууда оорунун (алгачкы абалдын начарлашы учурунда) симптомдорунун күчөшүнө алып келиши мүмкүн; мындай учурда дарыны ичүүнү токтотуп дарыгер менен кеңешүү керек.

Өз ара аракеттенүүлөрү:
белгисиз. Клиникалык изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча Инфлюцидди комплекстүү терапияда ийгиликтүү колдонсо болот.

Сактоо шарттары: 15- 25°С температурда балдар жетпеген жерде сактоо зарыл. 

Жарактуулук мөөнөтү: 5 жыл.

Сатуунун категориясы: рецепсиз.

Инфлюцид — комплекстүү гомеопатиялык дары-дармеги. Жогорку дем алуу жолдорунун курч суук тийүү ооруларынан жана тумоодон дарылоого колдонула турган, 6 активдүү компоненттерден турат. Каражат дем алуучу жолдордун курч мүнөздөгү инфекциясынын кадимки белгилерин б.а. баш оору, булчуңдардын орушу, ринит, фарингит сыяктуу белгилерди тез бууп жок кылат. Дары организмдин табигый коргонуусун күчөтөт жана тез айыгып кетүүгө жана организмди оорудан кийин кайрадан калыптанышына көмөктөшөт, мунун негизинде арыктоого жол берилбейт (астеникалык синдром). Оорунун биринчи белгилери байкалганда же оруп калгандар менен байланыштан кийин эле дарыны дароо колдонуу ооруну андан ары өрчүшүнөн сактайт.

Маңыздуу:

Инфлюцид далилденген оптималдуу интерферонинделештирүү активдүүлүгүнө ээ. Интерферонинделештирүү активдүүлүк Циклоферон менен теңдеш.
Ершов Ф.И., Рационалдуу фармакотерапия тобу жана КРВИ «Фарм. вестник», 2003, № 39
Инфлюциддин вируска каршы активдүүлүгү мезгилдүү (H1N1 H3N2 жана B) жана пандемиялык А (H1N1)тобунда далилденген.  In vitro вируска каршы КРВИге алып келген вирустардын кеңири спектри: аденовирустарга, коронаровирустарга, респиратордук-сенцитиаль вирустарына жана парагрипптин вирустарына  карата активдүүлүккө ээ.
Еропкин М.Ю., Григорьева В.А. « Инфлюцид дары каражатынын моделдүү системаларындагы активдүүлугү»//МЕДЛАЙН-Экспресс, 2007№6, с.23-26

  • Инфлюцид  дары каражатын колдонууда КРВИ ооруларынын балдарды дарысыз алдын алып дарылоодон 2 эсе төмөндөшү белгиленген.

 Инфлюцид дин эффективдүүлүк индекси тумоо инфекцияларын жана башка КРВИ жоготууда 80% ды түзөт, бул анын респиратордук вирустарга карата жогорку эффективдүү дары каражатынын катарына киргизет.
Гаращенко Т.И., Гаращенко М.В., Мезенцева М.В. Гомеопатиялык дары-дармек каражаттарын  тумоону жана КРВИ ооруларын алдын алууда жана дарылоодо клиникалык-иммунологиялык негиздөө. // Русск. мед. журн.-2005.-Т.13, №21.- С. 1432-1437.

  • Инфлюцидди 1 айдын ичинде привентивдүү колдонуу КРВИ нин оору мөөнөтүн жана анын жыштыгын жана анын оордугунун 3 айдын ичинде төмөндөтүүгө көмөктөшөт.

Моккия-Сербина С.А.,ПАГ,№6,2009.

Колдонуу:

Таблеткалар
Оорунун күчөгөн мезгилинде:

1 жаштан 12 жашка чейинки балдарга — 1 таблеткадан ар бир 2 саатта (бирок кунүнө 8 таблеткадан ашпаш керек) жакшы болуп калганга чейин, андан ары – 1 таблеткадан күнүнө 3 жолу толугу менен айыкканга чейин.
12 жаштан жогорку балдар жана чоңдор үчүн: оору  күчөп турган мезгилде – 1 таблеткадан ар бир 1 саатта (күнүнө 12 таблеткадан көп эмес) жакшы болуп калганга чейин, андан ары – 1-2 таблеткадан суткасына 3 жолу.

Тумоону жана КРВИны алдын алуу үчүн: 
1 жаштан 12 жашка чейинки балдарга – суткасына 3 жолу 1 таблеткадан;
Жашы 12 жаштан жогору балдарга жана чоңдорго – күнүнө 3 жолу 1-2 таблеткадан.

Денеде жогорку температура сакталып турганда жана анын 39°С дан жогору болушунда, симптомдордун сакталышында же анын аныктыгы байкалбаган учурда, жана жаңы симптомдор пайда болгон учурда дарыгер менен кенешүү керек, анткени медициналык жардам көрсөтүү керек болгон оорулар жөнүндө сөз болуу мүмкүн. Таблеткаларды тамакка чейин 30 минут калганда же андан кийин 30 мүнөт өткөндө, ооздо акырындап эритүү менен ичүү керек. 3 жашка чейинки балдарга ыңгайлуулук үчүн бир аз сууга таблетканы эзип бериш керек.

Целиакия менен ооруган бейтаптарга коосуз. Буудайга аллергиясы (целиакиядан айырмаланган) бар бейтаптарга дарыны колдонууга болбойт. Эгерде Сизге кантты көтөрө албагандыгы тууралуу белгилүү болсо, анда ушул дарыны колдоноордон мурда дарыгер менен кеңешиңиз.

Инфлюцидди 1 жашка чейинки балдарды дарылоодон мурда дарыгер менен кеңешүүдөн кийин колдонуу керек.

Боюнда барда жана эмчек эмизүү мезгилинде колдонуу: Инфлюцид боюнда барда жана эмчек эмизүү мезгилинде адегенде дарыгер менен кеңешкенден кийин гана колдонууга болот.

0

Суроо берүү

To prevent automated spam submissions leave this field empty.