Трахисан (Trachisan)

Трахисан – ооз көңдөйүнүн жана тамак ооруларынын сезгенген жана инфекциялык ооруларын натыйжалуу дарылоо үчүн аралаш 3 компоненттүү препарат, антибактериялык активдүүлүктүн кеңири тармагына жана тез таасир берүүчү анальгетикалык (ооруну басуучу) натыйжага ээ*, чоңдорго дагы, балдарга дагы колдонууга уруксат берилген**.

Трахисан препаратынын курамына топикалык антибиотик (Тиротрицин), антисептик (Хлоргексидин) жана анальгетик (Лидокаин) кирет. 

Тиротрицин – топикалык (жергиликтүү) антибиотик, ал антибактериялык активдүүлүктүн кеңири тармагына ээ. Тиротрицин канга сиңирилбейт жана бүткүл организмге терс системалуу таасир тийгизбейт. Антибиотиктерден айырмаланып, өзгөчө механизмдин жардамы менен микроорганизмдердин тиротрицинге карата көнүүсү (резистенттүүлүк) өөрчүбөйт. 

Хлоргексидин – грам оң, ошондой эле грам терс бактерияларга карата кеңири антимикробдук таасири бар антисептик.

Лидокаин – кеңири колдонулуучу жергиликтүү анестетиктердин бири. Башка анестетиктердин (мисалы, новокаин менен) алдында бир катар артыкчылыктарга ээ.

Активдүү компоненттердин айкалышуусунун эсебинен Трахисан 3 багытка багытталган таасир көрсөтөт: ооз көңдөйүнүн жана кекиртектин сезгенген жана инфекциялык ооруларынын негизги козгогучтарына антибактериялык жана антисептикалык таасир тийгизет жана  лидокаиндин жардамы менен ооруну тез басуучу натыйжага ээ. 

Трахисан препаратынын натыйжалуулугу жана коопсуздугу клиникалык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө далилденген. 

Трахисан –  инфекциядагы жана тамактын оорусундагы тез жардам! 

* ичкенден кийин 2 сааттан кийин тамактагы оорутуу сезимдеринин азайышын бейтаптардын 70%ы белгилешкен.
** Трахисан таблеткаларын 4 жашка чейинки балдарга колдонуу сунушталбайт.
1. Нагорная Н.В. ж.б. Өнөкөт тонзиллит менен жапа чеккен балдардын ЛОР-органдарынын курч сезгенген ооруларында жергиликтүү таасир этүүчү Трахисан жана Декатилен препараттарынын натыйжалуулугу жана ага болгон сезгичтик.  Клиникалык педиатрия, 2012;6 (41).