Тонзилотрен (Tonsilotren®)

Дүйнө жүзүндө тамагы эч качан оорубаган адам жок болсо керек.  Медицинада таңдайдагы алкым безинин сезгенүүсү тонзиллит деп аталат, ал өнөкөт же курч (ангина) болушу мүмкүн. Эгерде ангина жылына эки эле андан көп жолу кайталана турган болсо өнөкөт тонзиллит деп аталат. Бул оору көйгөйлөрдү пайда кылат, анткени ал иммунитеттин төмөндөшүнө, тез-тезден суук тийип ооруп калууга, жүрөк, муун, бөйрөк оорулары аркылуу көрүнүүчү коркунучтуу татаалдашуулардын өөрчүү мүмкүнчүлүгүнө алып келиши мүмкүн. Алкым бездерибизге жардам берүүгө болобу?

Тонзилотрен* – 75 жылдан ашык убакыттан бери ангина жана өнөкөт тонзиллитте алкым бездерине жардам берип келе жаткан немис табигый препараты: сезгенүүнү, шишик жана ооруну басат, алкым бездеринин коргоочу функциясын калыбына келтирет, чоңоюп кеткен алкым бездеринин көлөмүн кичирейтет, алкым бездеринин чуңкурларын казеоздук детриттен (тыгындардан) санациялоого (тазалоого) түрткү берет, лимфа бездеринин шишигин жана сезгенүүсүн жок кылат, бүткүл организмде иммунитеттин көрсөткүчтөрүнүн нормалдашуусуна көмөктөшөт, жабыркаган ткандардын айыгуусун тездетет жана кайталанган ангиналардын алдын алат.