Инфлюцид (Influcid)

Статистика боюнча, КДВО (курч дем вирустук оорулары) жана грипп – адамзат ооручу эң эле жайылган инфекциялар. Ушул ооруларды пайда кылуучу вирустардын аябагандай жана барган сайын өсүп жаткан түрлөрүн эске алуу менен аларды ийгиликтүү жок кыла ала турган препарат зарыл. 
Инфлюцид – грипптин вирустарына эле эмес, ошондой эле КДВО чакыруучу вирустардын көпчүлүгүнө вируска каршы таасир этүүчү табигый комплекстүү немис препараты.

Оорунун башында эле Инфлюцид КДВО жана грипптин ар кандай белгилерин: баш оору, булчуңдардын оорушу, калчылдоо, ринит, фарингитти тез жоюуга жардам берет.

Инфлюцид – интерферондун кубаттуу табигый индуктору, ал эми интерферон – организмдин коргонуусунун биринчи сызыгындагы маанилүү элемент. Инфлюциддин дагы бир артыкчылыгы –  ооруп айыккандан кийинки астения белгилерин (алсыздык жана жанчылуу сезими) кыйла азайтуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат, бул оорудан кийин көнүмүш жашоого тез арада кайтып келе ала тургандыгыңызды билдирет.

Инфлюцид – вирустар менен активдүү күрөшүүчү препарат, КДВО жана грипптин симптомдорун жоёт, ошондой эле иммунитетти чыңдайт жана вирустардан коргойт. Мындан улам Инфлюцидди дарылоо үчүн дагы, ошондой эле КДВО жана грипптин алдын алуу үчүн дагы колдонууга болот.