Биз жөнүдо

Фармакологиялык көзөмөл

Компаниянын миссиясы – ар бир адамдын ден соолугуна кам көрүү. Ошондуктан компаниянын дары-дармектеринин жана медициналык буюмдарынын коопсуздугуна, натыйжалуулугуна жана сапатына байланыштуу маалыматтарды чогултуу биздин ишибиздин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул максатка жетүү үчүн дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын терс көрүнүштөрүн/эффективдүүлүктүн жоктугун жана аларга болгон доо-талаптарды өз убагында аныктоого мүмкүндүк берүүчү сапатты камсыздоо жана фармакологиялык көзөмөл системасы түзүлдү.

Эгерде сиз биздин дары-дармекти же медициналык буюмду колдонууда жагымсыз окуя/эффективдүүлүктүн жоктугу же сапат көйгөйлөрү жөнүндө кабарлагыңыз келсе, сиз үчүн ыңгайлуу болгон каалаган кабарлоо ыкмасын тандай аласыз:

  1. 24/7 төмөнкү телефон аркылуу: +996 550 500 283
  2. Электрондук почта аркылуу: pharmacovigilance@alpenpharma.com

Сиз эмне жөнүндө билдире аласыз:

  1. Кыйыр таасир – бул дары-дармек каражатын кабыл алуу менен байланышкан же байланышпаганына карабастан, дары-дармекти кабыл алуу убагында дал келген ар кандай керексиз жана күтүлбөгөн көрүнүштөр, симптомдор же оору.
  2. Туура эмес пайдалануу – медициналык колдонуу боюнча нускамада бекитилгенге ылайык келбеген дары-дармек каражатын атайылап жана туура эмес колдонуу.
  3. Катталбаган көрсөткүчтөр боюнча колдонуу – дары-дармек каражаты атайылап медициналык колдонуу боюнча нускамага ылайык эмес колдонулган жагдайлар.
  4. Кыянаттык – физикалык же психологиялык зыяндуу таасирлер менен коштолгон дары-дармек каражаттарын туруктуу же үзгүлтүккө учуратып, атайылап ашыкча колдонуу.
  5. Натыйжалуулуктун жоктугу – бекитилген көрсөткүчтөрдүн алкагында күтүлгөн фармакологиялык эффектти алуу мүмкүн эместиги. Вакциналар үчүн мисал: оорунун алуу үчүн эмдөө жүргүзүлгөн бейтапта ал оорунун пайда болушу.
  6. Кесиптик ишмердүүлүк учурундагы таасир – адам кесиптик иш мүнөзүндөгү, ошондой эле кесиптик иш менен байланышпаган иш-аракеттердин натыйжасында дуушар болгон дары-дармек каражаттарынын таасири.
  7. Дозаны ашыкча колдонуу – дары-дармек каражатын медициналык колдонуу боюнча бекитилген нускамага ылайык бир убакта же сутка ичинде сунушталган максималдуу суткалык дозадан ашкан өлчөмдө колдонуу. Ашыкча дозалануу менен байланышкан кумулятивдүү эффект да эске алынат.
  8. Күтүлбөгөн пайдалуу эффект – дары-дармек каражатын колдонгондон кийин пайда болгон жана оорунун же симптомдордун жүрүшүн калыбына келтирүүгө же жакшыртууга алып келген, күтүлбөгөн же изилдөөлөрдө аныкталбаган ар кандай күтүлбөгөн пайдалуу эффект.
  9. Медициналык ката – дарыгердин, бейтаптын жана керектөөчүнүн дары-дармектерди дайындоодо, даярдоодо же колдонууда байкабай кетирген катасын билдирет.
  10. Инфекциянын шектүү таралышы – жагымсыз окуя менен байланышкан же байланышпаган дары аркылуу инфекциянын жугушу.
  11. Кош бойлуу же эмчек эмизүү учурундагы эффекттер – кош бойлуу же эмчек эмизүү учурунда кабыл алынган ар кандай каражат. Дарынын таасири кош бойлуулуктун алдында да башталышы мүмкүн, мисалы, эненин же атанын контрацепция колдонуу учурунда, же бойго бутүрүү учурунда болочок ата дары ичкен болсо.

 

Эгер Сизде өнүмдөрдүн сапаты боюнча маалымат же сурам болсо, төмөнкү e-mail боюнча билдирүүӊүздү суранабыз:

quality@alpenpharma.com

 

Сиз берген бардык маалымат купуя болуп саналат жана мыйзамда каралган учурлардан тышкары жарыяланууга жатпайт.