Көңүл бургула
Сайттын бул бөлүгү жарнамасы мыйзамы тарабынан каралбаган дары каражаттары жөнүндө маалыматты камтыйт. Бул бөлүктөгү маалымат таанышуу үчүн гана берилген, жалгыз гана илимий-маалыматтык мүнөзгө ээ жана кеңири тараптар үчүн жарнама мүнөзүндөгү Маалымат катары бааланбаш керек. Колдонуудагы мыйзамына ылайык бул маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүнө жалгыз гана медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлер ээ. Сураныч, сиз медициналык же фармацевтикалык кызматкерлер экениңизди ырастаңыз.

Трахисан (Trachisan)

Эгер инфекция тамакка чабуул жасаса, жардам жана коргоо зарыл. Коргонуунун мыктысы – бул чабуул. Буга жардамга мезгил сыноосунан өткөн немис дарысы – Трахисан* келет.

Трахисан, анын курамына кирген үч компонентке – тиротрицинге, хлоргексидинге жана лидокаинге ылайык, инфекцияда өзүнө дароо үч керектүү нерсени айкалыштырат: антибактериалдык, антисептиктик жана ооруну басуучу.

Тиротрицин – топикалык антибиотик, жергиликтүү гана таасирге ээ; кан айланууга сиңбейт, демек, уулуу заттарды пайда кылбайт, былжыр кабыгын дүүлүктүрбөйт, ичеги микрофлорасына таасир тийгизбейт, муну менен бактериялардын жана грибоктордун көптөгөн түрлөрүнө таасир берет; хлоргексидин – эң белгилүү пайдалануучу антисептик, ал тиротрицин таасирин күчөтүп, сезгенүүнү четтетет; лидокаин – оорудан тез айыктыруучу, ооруну басаңдатуучу компонент.

Оору пайда кылуучу микроорганизмдерге натыйжалуу жана узак убакыт таасир берүү үчүн Трахисан таблеткаларын сөзсүз соруш керек. Дарыны тамак былжырынан жууп салбаш үчүн, соргондон кийин 30 мүнөт суу ичпей, тамак-аш кабыл албай жүрүү сунушталат. Трахисан жагымдуу жалбыз даамына ээ, курамында шекер жок жана чоңдорго жана 4 жаштан баштап балдарга бере берсе болот.

Трахисан – тамак ооруганда жана инфекцияда тез жардам!

Трахисан таблеткалары: өндүрүүчү Engelhard Arzneimittel GmbH & Co. KG (Германия), р. с. П – 2013 – 737 КР № 10765 от 27.12.2013.

* Дары каражатынын жанамасы. Колдонордун алдында нускамасын менен таанышыңыз жана дарыгерден кеңеш алыңыз. Балдар жетпеген жерде сактагыла.

Өз алдынча дарылануу саламаттыңызга зыян келтириши мүмкүн

Тамактын инфекциясында жана оорусуна тез жардам

Чыгаруу формасы:
табл. д/сооручу №20, блистерде 10 таблеткадан, картон коробкада 2 блистерден.

Курамы:
Тиротрицин 0,5 мг
Лидокаин гидрохлорид 1 мг
Хлоргексидин диглюконат 1 мг

Жардамчы заттар: сорбит, магний стеарат, жалбыз майы.

Фармакотерапевттик тобу:
Тамак ооруганда колдонулуучу дары-дармек каражаты.

Көрсөткүчтөрү:
Ооз көңдөйүнүн жана таңдайдын суук тийген жана инфекция оорулары, б.а. стоматит, гингивит, пародонтит, глоссит, тонзиллит, фарингит сыяктуулар, жана жутууга тоскоол болгон башка абалдарда колдонулат. Ооз көңдөйүн жана таңдайды дарылоодо хирургиялык киришүүнүн алдында инфекциядан алдын ала арылтуу үчүн (тишти экстракцияло, тонзиллэктомия).

Каршы көрсөтмөлөрү:
Фруктозаны бейтап көтөрө албаса бул дарыны дайындоого болбойт. Дарынын кандайдыр бир курам бөлүкчөсүнө белгилүү өтө сезгичтиги бар болгондо да дайындоо сунушталбайт.

Кыйыр таасирлери:
Кадимки учурда Трахисан жакшы көтөрүлөт Кыска убакытта даамды сезүүнүн өзгөрүлүшү пайда болот, убактылуу тил жансызданат. Көп убакыт кабыл алуунун натыйжасында тиштердин, тиштин пломбалары жана протездери, тил  кичине сары түстө же ачык-күрөң түстө болот, мындай учурда дыкаттык менен ооздун гигиенасын сактоо керек. Дарыны кабыл алууну токтоткондон кийин мындай боёлуулар кетет.

Өз ара аракеттенүүлөрү:
Байкалган жок.

Дозадан ашыруу:
Дозадан ашыруу учурлары көрсөтүлгөн эмес.

Сактоо шарттары: 25°С ашпаган температурада, нымдуулуктан алыс, балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Жарактуулук мөөнөтү: 3 жыл.

Сатуу категориясы: рецептсиз.

Микробдорго каршы касиеттери  жана убактылуу ооруну басуучу анестезиялык таасири бар заттардын айкалыштыгын камтыйт.

Тиротрицин — бул циклдүү жана сызыктуу полипептид дер (алифатикалык), бактерияларга каршы таасири бар аралашма. Аралашмада 70–80% тироцидин – шакардуу циклдик декапептид жана 20–30% грамицидин – нейтралдуу сызыктуу пентадекапептид бар.

Тироцидин бактерияга кабылган клеткалардан азот жана фосфору бар субстанцияларды, бактериялуу клетканын мембранасынын осмотикалык тоскоолун  бузуп чыгаруучу катиондук детергенттер сыяктуу, бошотуп чыгарат. Тироцидин өсүп жана бөлүнүп жаткан микроорганизмдерге бактериялык таасирин тийгизет.

Грамицидин бактериянын клеткасынын мембранасында катионду коштоп алып жүрүүчү, катион жана цитолиздин концентрацияларынын клетканын ичинде өзгөртүүгө алып келүүчү каналдарды түзөт. Грамицидиндик курам бөлүкчөсү тамактын этинин дем алуу процесстерин жана кычкылдангыч фосфордошууну андан ары ажырап бөлүнүшүнө көмөктөшөт.

Тироцидиндин таасиринин спектри граммы оң белгидеги кокторго, бактерияларга жана козу карындын кээ бир түрлөрүнө, мисалы  Candida albicans таратылат.

Антибиотиктерден айырмаланып, тиротрицинди колдонууда микроорганизмдин кайчылаш резистенттүүлүгү белгиленген эмес. Бул касиет тиротрициндин таасиринин өзгөчө механизми менен шартталган.

Хлоргексидин жана анын туздары микробдорго каршы грамы оң белгидеги жана грамы терс белгидеги бактерияларга карата кең спектрдеги таасирге ээ.
Хлоргексидин таасиринин механизми анын клетканын кабыгындагы микроорганизмдерге, касиеттери активдүү заттар менен байланышуудан улам өзгөрүлгөн, туушкандыкка негизделет.

Хлоргексидин липофилдик топтору клетканын кабыгындагы липопротеиндик мембрананын дезагрегациясына алып келет, дүүлүктүргүчтүн клеткасынын цитоплазмалык мембранасын талкалоого алып келген клеткалардагы осмотика жактан тең салмактуулукту бузат.

Грамы терс белгиде болгон бактерияларга  (Pseudomonas, Proteus), ачыткы, дерматофиттерге микробактерияларга  таасирлери анча чоң эмес. Хлоргексидин  козу карындардын спораларына, чириткич козу карындарына, вирустарга каршы натыйжалуу эмес.

Лидокаин гидрохлорид амиддик түрдөгү жергиликтүү анестетик болуп эсептелет. Дары нерв жипчелеринин натрийдик каналдарын курчоого алып келет, мунун аркасында нерв клеткаларынын мембранасынын деполяризация процесси активдүү потенциал аркылуу бузулат. Сезгич нервдердин жипчелеринде дүүлүгүнүн берилиши токтолот.

Ар бир 2 саатта 1 таблеткадан ооздо эритип ичиш керек. Чоңдор жана жашы 12ден ашкан балдар үчүн суткалык дозасы - 8 таблетка;4 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн – 6 таблетка. Эреже катары, оорунун симптомдору бир нече күндөн кийин жок болот, бирок туруктуу терапевттик эффектке жетиш үчүн терапияны дагы 2-3 суткага созуу сунушталат. 5 сутканын ичинде кабыл алууда бейтаптын абалы жакшырбаса, дарыгердин кеңеши кажет.  

Балдар: дарыны соруп эриткендиктен, 4 жашка чейинки балдарга колдонууга сунушталбайт.

Боюнда бар жана бала эмизген учурда: Башка фармацевттик дары-дармектер сыяктуу эле  Трахисанды эмизген учурда, дарыгер менен адегенде кеңешип, анан кабыл алуу керек.

Трахисанда кант жок, ошондуктан аны колдонуу тиштердин кариесинин пайда болушуна көмөктөшпөйт жана кантты алмаштыруучу сорбитолду бир нан бирдигине кайрадан эсептөөнү колдонуп (0,69 г сорбитолго 0,057 ХЕ туура келет), кант диабети менен ооруган бейтаптарга да дарыны колдонсо болот.

0

Суроо берүү

To prevent automated spam submissions leave this field empty.