Көңүл бургула
Сайттын бул бөлүгү жарнамасы мыйзамы тарабынан каралбаган дары каражаттары жөнүндө маалыматты камтыйт. Бул бөлүктөгү маалымат таанышуу үчүн гана берилген, жалгыз гана илимий-маалыматтык мүнөзгө ээ жана кеңири тараптар үчүн жарнама мүнөзүндөгү Маалымат катары бааланбаш керек. Колдонуудагы мыйзамына ылайык бул маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүнө жалгыз гана медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлер ээ. Сураныч, сиз медициналык же фармацевтикалык кызматкерлер экениңизди ырастаңыз.

Проспан (Prospan)

Суук тийүү дайым жөтөл менен коштолот. Бирок жөтөл оору эмес, ал эми дем алуу жолдорун коргоого жана тазартоого багытталган организмдин реакциясы экенин эске алсак, анда аны баспастан, анын табигый функциясын ишке ашырууга көмөктөшүү зарыл.

Дем алуу жолдорун бошотууга ным какырык менен колколордогу спазмалар катуу тоскоолдук тийгизет. Жөтөлгө жардам берүүдө мындай каршылыкты Проспан®* өсүмдүк дарысы кылышы мүмкүн, ал какырыкты жөн гана коюулантпастан, анын жолундагы – колко спазмаларындагы тоскоолдуктарды активдүү чыгарууга жана четтетүүгө бардык күч-аракетин жумшайт.

Проспан® – оригиналдуу стандартталган чырмооктун кургак маңызынын негизиндеги немис өсүмдүк каражаты (Проспан® өндурүшү үчун гана пайдаланылат).

Проспан® жөтөлдүн ар кандай түрлөрүн, тамеки чеккичтин жөтөлү үчүн дагы арналган, анткени ал ачык жана далилденген өсүмдүк негизиндеги какырык чыгаруучу каражат. Проспан® курамында спирт, боегуч, шекер жок. Жогоруда айтылгандай,  Проспан® былжырды жумшартып, анын дем алуу жолдорунан активдүү чыгарылышына көмөк көрсөтөт, ал  колко булчуңдарындагы спазманы четтетүүгө көмөк көрсөтөт. Проспан® касиеттерине бардык курактык топтордо колдонуу мүмкүнчүлүгүн айтса болот, жаңы төрөлгөн ымыркайлардан баштап колдонууга уруксат, ошондой эле даамы жагымдуу жана дары формалары ар кандай: сироп, таблетка жана эритме.

Жөтөлбү? – Проспан®!

Проспан сироп: өндурүүчү Engelhard Arzneimittel GmbH & Co. KG (Германия), р. с. П – 2013 – 737 КР № 10 766 от 27.12.2013; Проспан форте таблеткалары: өндүрүүчү Engelhard Arzneimittel GmbH & Co. KG (Германия), р. с. Р – 2013 – 261 КР №10304 от 17.05.2013;
Проспан эритме 5 мл: өндүүүчү Engelhard Arzneimittel GmbH & Co. KG  (Германия), р. с. Р – 2012 – 549 КР № 9706 от 10.10.2012.

* Дары каражатынын жанамасы. Колдонордун алдында нускамасын менен таанышыңыз жана дарыгерден кеңеш алыңыз. Балдар жетпеген жерде сактагыла.

Өз алдынча дарылануу саламаттыңызга зыян келтириши мүмкүн

Жөтөлбү? Проспан!

Чыгаруу формасы:
Проспан® жөтөлгө каршы сироп
сироп фл. 100 мл, өлчөм табагы менен, №1 картон кутуда.

Курамы:
Чырмооктун жалбырактарынын кургак экстракты (5-7,5:1) 7 мг/мл
Жардамчы заттар: тазаланган суу, калий сорбат, суусуз лимон кислотасы, сорбитолдун 70% (кристалл) аралашмасы, ксантановдун чайыры, чийе жыт бергичи (2,5 мл аралашмада 0,963 г сорбитол = 0,08 нан бирдигине).
Экстрагент: этанол 30% (м/м).

Чыгаруу формасы:
Проспан® форте жөтөлгө каршы шуулдак таблеткалар
табл. шуулдак. 65 мг, №10, сашеде шуулдак 2 таблеткадан перфорацияланган стрипке кошулган; 10 таблеткадан же 5 стриптен картон кутуга салынган. 

Курамы:
Чырмооктун жалбырактарынын кургак экстракты (5-7,5:1) 65 мг
Жардамчы заттар: суусуз лимон кислотасы, натрий гидрокарбонаты, суусуз натрий карбонаты, манит, симетикон, натрийдин сахарини, натрий цикламаты, натрий цитраты, сорбит, ортодогу чынжырдагы триглицериддер, макрогола глицеролгидроксистеарат, жыт бергич.
1 шуулдак таблетка 0,03 нан бирдигинен турат, ошондуктан кант диабети менен ооругандар эске алуулары зарыл.

Чыгаруу формасы:
Проспан® жөтөлгө каршы эритме
Эритме ооз аркылуу кабыл алынат баштыкчада35 мг/5 мл, № 21, № 30 картон кутуда.

Курамы:
Чырмооктун жалбырактарынын кургак экстракты (5-7,5:1) 35 мг/5мл
Жардамчы заттар: калий сорбат (консервант), суусуз лимон кислотасы, сорбиттин эритмеси 70 % (кристаллдашкан), ксантановдук чыраш, Frescofort Permaseal жыт бергичи, табигый апельсиндин жытын бергич, ментол, тазаланган суу. 5 мл эритмеде, 0,16 нан бирдигине туура келген1,9 г сорбит бар.
Экстрагент: этанол 30% (м/м).

Чыгаруу формасы:
Проспан® жөтөлгө каршы тамчылар
Ичүүгө жана ингаляцияга колдонулуучу тамчылар, 20 мл.

Курамы:
Чырмооктун жалбырактарынын кургак экстракты (5-7,5:1)
Экстрагент: этанол 30% (м/м).

Фармакотерапевттик тобу:
Жөтөлдө жана суук тийип ооруганда колдонулуучу дары каражаты. Какырыкты чыгарат. Коду АТС  R05C A.

Көрсөткүчтөрү:
Симптомдуу каражат катары жогорку дем алуучу жолдордун, өпкөнүн сезгенген ооруларынын комплекстүү терапиясында колдонулат.

Каршы көрсөтмөлөрү:
фруктозаны көтөрө албагандык, дарынын кандайдыр бир курам бөлүкчөсүнө өзгөчө сезгичтик.

Кыйыр таасирлери:
Аллергиялык реакциялар болушу мүмкүн.
Жогорку сезгичтиги бар бейтаптарда көңүл айныгандык, кускусу келгендик жана ичи өткөндүк сыяктуу ичеги-карын бузулуулары байкалышы мүмкүн.

Өз ара аракеттенүүлөр:
Ушул убакка чейин Проспан дары каражаты менен башка дары-дармек каражаттарын бирге кабыл алууда  жагымсыз өз ара аракеттенүүлөр аныкталган эмес. Бул себептен дарыны бир убакытта башка дарылар менен кошо кабыл алса болот, мисалы антибиотиктер менен.

Дозад ан ашыруу:
Дарыны көп санда кабыл алууда (суткалык дозаны кеминде 3 жолу ашырганда) көңүл айнуу, куску келүү же ич өтүү болушу мүмкүн. Дарылоо симптоматикалык түрдө

Сактоо шарттары: 25°С ашпаган температурада, балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Жарактуулук мөөнөтү: 3 жыл.

Сатуу категориясы: рецептсиз.

Проспан  дары каражатында терапевттик таасири фармакологиялык жактан далилденген жана дем алуучу жолдордун сезгенүү ооруларында терапевттик жактан тастыкталган стандартталган чырмооктун жалбырактарынын кургак экстракты бар жана  секретолиттик, муколиттик, мукокинетикалык, карышма жазчуалык жана жумшак жөтөлгө каршы анда болгонгликозиддердин (сапонин) касиеттерине негизделген.

 Экстракттын секретолиттик таасири чырмооктун жалбырактарындагы сапонин гликозиддеринин аракеттери менен түшүндүрүлөт; спазмолиттик касиеттеринин негиздери дарынын курамындагы аныкталган гликозиддердин парасимпатолиттик таасирлери болот. Бронхдордогу булчуңдардын клеткаларындагы  β2-рецепторлорунун активдешүүсү жана өпкөнүн эпителиясы адренергиялык таасирлерди стимулдаштырат. Бул колколордун  булчуңдарындагы клеткалардын ичиндеги Са2+ төмөндөшүнө алып келет жана колколорду бошоңдотот. Бул процесс менен бирге β2-активдүүлүгүн стимулдаштыруунун натыйжасында өпкөнүн II  типтеги эпителиалдык альвеолярдуу клеткалары көп сандагы сурфактантты өндүрөт.

Проспан дары каражатын кабыл алуу дем алуунун борбордук жөндөөсүн начарлатпайт.

Сироп
1 жашка чейинки балдарга күнүнө 2 жолу 2,5 мл, 1 жаштан 5 жашка чейинки балдарга күнүнө 3 жолу д 2,5 мл, 6 жаштан 9 жашка чейинки балдарга күнүнө 3 жолу 5 мл, чоңдорго жана жашы 10 жаштан жогору балдарга күнүнө 3 жолу 5-7,5 мл  кошулуп берилген өлчөм калпакчасынын жардамы менен берүү керек.
Колдоноордон мурда флаконду жакшылап чайкап туруп колдонуш керек.

Ар бир колдонуудан кийин флаконду бекем жабуу керек!

Кабыл алуу узактыгы.
Дарылоонун курсу 1 жумага созулуш керек. Терапевттик таасирди бекемдеш үчүн  оорунун симптомдору жоголгондон кийин дарылоону дагы 2-3 күнгө созуу сунушталат.

Шуулдак таблеткалар
Чоңдорго жана жашы 12 жаштан жогору балдарга 1 шуулдак таблетканы эртең менен жана ½ шуулдак таблетканы кечинде дайындалат(97,5 мг чырмооктун жалбырактарынын кургак экстрактын суткасына).
Шуулдак таблеткаларды эртең менен (күндүз)  жана кечинде, адегенде бир стакан сууга ( 100-200 мл жакын) эзип алып ичишет. Таблеткаларды эзип ичиш үчүн ысы сууну жана муздак сууну колдонууга болот.
Дарылоонун узактыгы ар бир конкреттүү учурда дарыгердин чечими менен оорунун мүнөзүнө жана оордугуна карап аныкталат.

Эритме
Чоңдорго жана жашы 12 жаштан жогору балдарга эритмени 1 баштыкчадан(5 мл) күнүнө 3 жолу ичиш керек, бул 70 мг чырмооктун жалбырактарынын кургак экстрактына туура келет.
Колдоноордон мурда баштыкчаны бир аз бырыштырып эзгилеш керек.
Эритмени суу кошпой туруп эртең менен (түштө) жана кечинде ичүү керек.
Дарылоонун узактыгы оорунун симптомунун мүнөзүнө жана анын оордугуна жараша созулат, жана дайыма дем алуучу жолдордун жеңил сезгенүү учурунда дагы бир жума болот.
Терапевттик таасирлерин бекемдеш үчүн дарылоодон кийин оорунун симптомдору жок болгондон кийин дарылоону дагы 2-3 күнгө созуу керек.

Тамчылар

  • 1-3 жаштагы балдарга 10 тамчыдан күнүнө 3-5 жолу берүү керек;
  • 4-7 жаштагы балдарга – 15 тамчыдан күнүнө 3-5 жолу.

Мектеп жашындагы балдарга жана чоңдорго 20 таблеткадан күнүнө 3-5 жолу берүү керек.
Тамчыларды тамактын алдында ичүү керек. Кичинекей балдарга тамчыны сууга кошуп берүү керек.
Дарылоонун курсу дарттын оордугунан көз каранды, дарылоонун минималдуу курсу 1 жуманы түзөт.
Терапевттик таасирлерин бекемдеш үчүн дарылоодон кийин оорунун симптомдору жок болгондон кийин дарылоону дагы 2-3 күнгө созуу керек. Абалдын жакшырышы болбосо анда дарыгерге кайрылуу керек. Колдоноордун алдында чайкоо керек.

Проспан дары каражатын колдонуу менен ингаляция терапиясы, ичүү үчүн тамчылар жана ингаляция
Проспан дары каражатын колдонуу менен  ингаляция жүргүзүү үчүн, тамчыларды ичүү жана ингаляция үчүн бардык стандарттык түзүлүштөр жана жылытпай туруп чачыратуучу приборлор (небулайзерлер) жарактуу. Этил спиртинин курамда болгонунан улам пайда болгон кыйыр таасир берүүчү дүүлүгүүлөрдү болтурбас үчүн, ингаляция жасап жатканда 1:2 катышында суу кошуш керек.
Атайын ингаляция үчүн приборго 20-25 тамчыны тамчылатып жана 1:2 катышында комната температурасында сууга кошуш керек. Ингаляцияны күнүнө 3-5 жолу жасаш керек.
Проспан дары каражаты менен дарылоонун узактыгы ар бир конкреттүү учур үчүн дарттын мүнөзүнө жана оордугуна жараша созулат, бирок дарылоо мөөнөтү 1 жумадан ашпаш керек. Мындан сырткары туруктуу терапевттик таасирге жетүү үчүн оорунун симптомдору жок болгондон кийин дагы 2-3 күнгө созуу керек.

Боюнда бар жана бала эмизген учурда: дарынын боюнда бар жана бала эмизген учурда тескери таасири жөнүндө маалымат келип түшкөн жок. Бирок атайын изилдөөлөрдү бул категориядагы бейтаптарга карата жүргүзүлгөн жок.

Жөтөлгө каршы Проспан сиробунда алкоголду, кант жана боёктор жок. Чырмооктун жалбырактарынын кургак экстрактынын активдүү курам бөлүкчөлөрүн алуу үчүн сорбент катары кургатуу процессинде жок болуп кете турган 30 көл.% дык этанол колдонулат.

4-жашка чейинки балдарга жөтөлгө каршы Проспан сиробу сунушталат. Сиропту ар бир колдонуунун алдында флаконду чайкоо керек. Сактоо убагында жеңил тунарып, сироптун даамы өзгөрөт, бул анын терапевттик касиеттерине таасир кылбайт.

0

Суроо берүү

To prevent automated spam submissions leave this field empty.