Ийгиликтүү жана бактылуу жеткинчекти тарбиялоонун заманбап ыкмасы!
Чыгаруу формасы:
Флакондо 10 г гранул, №1
Курамы:
Chamomilla dil.D12 25 мг/10 г
Kalium phosphoricum dil. D6 25 мг/10 г
Staphisagria dil. D12 25 мг/10 г
Valeriana dil. D6 25 мг/10 г
Башка ингредиенттери: сахароза
Фармакотерапевттик тобу:
Гомеопаиялык дары каражаты. Коду АТС N06B X20.
Көрсөткүчтөрү:
балдардын жана чоңдордун көңүл коюунун концентрациясынын бузулушу, жогорулаган дүүлүгүү, бир орунга отура албагандык, окууда кыйналгандык, уйкунун качышы же абалдын жалпы алсызданышы менен коштолгон жүрүш-туруштун бузулушу.
Каршы көрсөтмөлөр:
Бул дарынын бир активдүү же жардамчы ингредиенттерине аллергиясы (эң жогорку сезгичтик) болгон учурда кабыл алууга болбойт.
Кыйыр таасирлери:
Аллергиялык реакция болушу мүмкүн. Кандайдыр бир жагымсыз реакциялар пайда болгондо дарыны ичүүнү токтотуп, дарыгерге кайрылуу керек.
Өз ара аракеттешүүсү:
Башка топтогу дары-дармектер менен оз ара аракеттенүүшүсү байкалган эмес. Ушул дары каражатын колдонууда башка дары-дармектерди колдонууга да болот.
Дозаны ашыруу:
аныкталган эмес. Дозаны ашыруу учурунда кыйыр реакциялардын пайда болушунун жыштыгы жогорулайт.
Сактоо шарттары:
Сактоонун атайын шарттарын талап кылбайт. Балдар жете албаган жерлерде сактоо керек.
Жарактуулук мөөнөтү: 5 жыл.
Сатуу категориясы: рецептсиз.