Киндинорм Н (Kindinorm N)

Ийгиликтүү жана бактылуу жеткинчекти тарбиялоонун заманбап ыкмасы!

Чыгаруу формасы:
Флакондо 10 г гранул, №1

Курамы:
Chamomilla dil.D12  25 мг/10 г
Kalium phosphoricum dil. D6  25 мг/10 г
Staphisagria dil. D12  25 мг/10 г
Valeriana dil. D6  25 мг/10 г

Башка ингредиенттери: сахароза

Фармакотерапевттик тобу:
Гомеопаиялык дары каражаты. Коду АТС N06B X20.

Көрсөткүчтөрү:
балдардын жана чоңдордун  көңүл коюунун концентрациясынын бузулушу, жогорулаган дүүлүгүү, бир орунга отура албагандык, окууда кыйналгандык, уйкунун качышы же абалдын жалпы алсызданышы менен коштолгон жүрүш-туруштун бузулушу.

Каршы көрсөтмөлөр:
Бул дарынын бир активдүү же жардамчы ингредиенттерине аллергиясы (эң жогорку сезгичтик)  болгон учурда кабыл алууга болбойт.

Кыйыр таасирлери:
Аллергиялык реакция болушу мүмкүн. Кандайдыр бир жагымсыз реакциялар пайда болгондо дарыны ичүүнү токтотуп, дарыгерге кайрылуу керек.

Өз ара аракеттешүүсү:
Башка топтогу дары-дармектер менен оз ара аракеттенүүшүсү байкалган эмес. Ушул дары каражатын колдонууда башка дары-дармектерди колдонууга да болот.

Дозаны ашыруу:
аныкталган эмес. Дозаны ашыруу учурунда кыйыр реакциялардын пайда болушунун жыштыгы жогорулайт.

Сактоо шарттары:
Сактоонун атайын шарттарын талап кылбайт. Балдар жете албаган жерлерде сактоо керек.

Жарактуулук мөөнөтү: 5 жыл.

Сатуу категориясы:  рецептсиз.