Көңүл бургула
Сайттын бул бөлүгү жарнамасы мыйзамы тарабынан каралбаган дары каражаттары жөнүндө маалыматты камтыйт. Бул бөлүктөгү маалымат таанышуу үчүн гана берилген, жалгыз гана илимий-маалыматтык мүнөзгө ээ жана кеңири тараптар үчүн жарнама мүнөзүндөгү Маалымат катары бааланбаш керек. Колдонуудагы мыйзамына ылайык бул маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүнө жалгыз гана медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлер ээ. Сураныч, сиз медициналык же фармацевтикалык кызматкерлер экениңизди ырастаңыз.

Исла Минт/Исла Моос (Isla Mint/Isla Moos)

Кыркырап, үндүн чыкпай калышы – ар бир адам туш болуучу жагдай. Үн баарына керек! Бирок мындай учурда кантип тез калыбына келтирүү керек?

Исла Минт жана Исла Моос – исланд пастикалары. Алар коргоочу (блжыр катмарды нымдап, жумшартат), микробго каршы, сезгенүүгө каршы жана иммуномодуляциялоочу таасирге ээ.

Исла Минт жана Исла Моос* пастикаларынын жогорудагы касиеттеринин жардамы менен соруп жатканда дем алуу жолдорун былжырын жумшартат, сезгенүүнү четтетип, кургактыкты, шуудуракты, кыжылдоону жок кылат, кырылдаган же чыкпай калган үндү калыбына келтирет.

Набаттардан айырмаланып, пастикалардын курамында шекер жок жана таңдай менен бүйлөнүн былжырын чезгентпейт. Исла Минт жана Исла Моос чоңдорго жана 4 жаштан ашкан балдарга ларингитте, кырылдаган үндө, жумушу үндү бийик чыгарып сүйлөөчү же жагымсыз климаттык шарттар (суук, ысык, чаң ж.б.) менен байланышкан кесиптер менен байланышкан адамдарга сунушталат. Исла Минт жана Исла Моос кургак жөтөлдө, анын ичинде аллергия болгондо жардам берет.

Исла Минт жана Исла Моос – үн кырылдап, кургак жөтөлгөндө!

Исла Минт пастилкалар: өндүрүүчү Engelhard Arzneimittel GmbH & Co. KG (Германия), р. с. Р – 2012 – 99 КР №9145 от 02.02.2012; Исла Моос пастилкалар: өндүрүүчү Engelhard Arzneimittel GmbH& Co. KG (Германия), р. с. Р – 2012 – 297 КР №9364 от 31.05.2012.

* Дары каражатынын жанамасы. Колдонордун алдында нускамасын менен таанышыңыз жана дарыгерден кеңеш алыңыз. Балдар жетпеген жерде сактагыла.

Өз алдынча дарылануу саламаттыңызга зыян келтириши мүмкүн

Үн чыкпай чыйылдаганда, кыркыраган жана кургак кычыштырган жөтөлгө

Чыгаруу формасы Исла-Минт:
100 мг пастилкалар, №30, блистерде 10 пастилкадан в, картон коробкасында 3 блистерден 

Курамы:
Исландия мохунун суу түрүндөгү экстракты (2-4:1) 100 мг

Жардамчы заттар: кристаллдашпаган 70%сорбиттин эритмеси, аспартам, гуммиарабик, калемпир жалбыз майы, балдуу хлорофиллдердин комплекси, минералдын жеңил майы, тазаланган суу.

Чыгаруу формасы Исла-Моос:
80 мг пастилкалар, №30, блистерде 10 пастилкадан, 3 блистерден картон кутучада

Курамы:
Исландия мохунун суу түрүндөгү экстракты ((0,4-0,8:1) 80 мг

Жардамчы заттар: гуммиарабик, сахароза, минералдын жеңил майы, аммиактын карамели, тазаланган суу.

Фармакотерапевттик тобу:
Тамак ооруганда колдонулуучу дары-дармек каражаттары.   

Көрсөткүчтөрү:

  • Курч жана өнөкөт бронхитте жана бронхиалдык астмада кургак жөтөлдүн симптомдук терапиясы  айкалышкан терапиянын курамында;
  • Тамактын инфекция-суук тийип сезгенүү оорулары, ларингит, фарингит  анын ичинде   аллергиядан улам келип чыккан (кургак, кычыштырган жөтөл, үндүн корулдашы); 
  • Үн байламталарына абдан күч келгенде (ырчыларда, мугалимдерде, лекторлордо);
  • Жашоо жайларынын же от жагылып жаткан учурда нымдуулугу жетишээрлик болбогон офистик жайлардын  кургак атмосферасында, ошондой эле мурун менен дем алуунун жетишсиздигинен же спорт менен алектенип жатканда былжыр челдин кургактыгы.

Каршы көрсөтмөлөрү:
фенилкетонурия  бар болгондо, дарыда аспартам деген таттуу зат бар экендигин эске алуу керек. Фруктозаны көтөрө албагандык. Дарынын ар кандай курам бөлүкчөлөрүнө өзгөчө сезгичтик болгондо.

Кыйыр таасирлери:
Сейрек учурларда аллергиялык реакциялар болушу мүмкүн.
Дарыда сорбит бар болгондуктан абдан сейрек учурларда өзгөчө сезгичтиги бар бейтапта дары ич алдыруучу таасир берет.

Өз ара аракеттенүүлөрү:
Ушул кезге чейин байкалган жок.

Дозадан ашыруу:
Дозадан ашыруу окуялары жөнүндө кабар келген эмес.

Сактоо шарттары: 25°С ашпаган температурада, кургак, балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Жарактуулук мөөнөтү: 4 жыл.

Сатуу категориясы: рецептсиз.

Исла-Минт жана Исла-Моос дары-дармек каражаттарында дем алуу жолдорунун сезгенип суук тийген ооруларында илгерки цивилизация убагында эле өзүнүн жагымдуу оң терапевттик таасири  менен белгилүү болгон Cetraria islandica (исландия моху) дары чөбүнөн жасалган экстракт бар.

Исла-Минт жана Исла-Моос дары-дармек каражаттарынын дарылоо натыйжасы дем алуучу жолдордун катаралдык дарттарында биринчи кезекте, анын курамындагы өсүмдүк экстрактынын микробго каршы жана иммунитетти стимулдаштыруу касиеттерине негизделет, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен далилденген.  Исла-Минт жана Исла-Моос дары-дармек каражаттары коргоочу касиеттерге да ээ болгондуктан, аларды дартты алдын алуу максаты менен да, мисалы дем алуучу жолдор өзгөчө сезгич же аларга чоң күч келгенде (анын ичинде спорт менен айланганда) колдонууга болот.

Дары-дармек каражатынын курамындагы полисахариддер аба ташуучу жолдордун былжыр челдерин жагымдуу каптап, аны сырткы зыяндуу факторлордун жана ар түрдүү кычыштыруучулардын таасиринен эффективдүү коргойт.

Исла-Минт жана Исла-Моос дары-дармек каражаттарын суук тийүү коркунучу туулган кезде, былжыр челди коргой ала тургандай, аны алдын алууда колдонуу дем алуучу жолдордун ар кандай инфекциягя дуушар болушун төмөндөтөт. Дары аш-казанга терс таасирин тийгизбейт.

4-12 жаштагы балдарга – 1 пастилкадан ар бир 2 саатта (суткасына 6 пастилка), чоңдорго жана жашы 12 ден өткөн балдарга 1 пастилкадан  ар бир саатта (суткасына 12 пастилкага чейин) ооздо акырындап эригендей кылып  берүү керек.

Исла-Минт жана Исла-Моос дары-дармек каражаттарынын жакшы көтөрүмдүүлүгүнөн улам, аларды көп убакытка чейин коопсузданбай эле кабыл алууга болот. Мындан сырткары оорунун симптомдору жок болгондон кийин Исла-Минт жана Исла-Моосту туруктуу терапевттик эффектке жетиш үчүн кабыл алууну улантуу керек.

Эгерде 4-5 күндүн ичинде оорунун туруктуу симптомдору азайбаса же, тескерисинче  абал начарласа, дем жетпесе, безгек болсо, ошондой эле ириңдүү жана кан аралаш какырык болсо, тезинен дарыгерге кеңешүүгө кайрылуу керек.

Исла-Минт жана Исла-Моос дары-дармек каражаттарынын курамындагы өсүмдүктөрдүн экстракты  бул дары каражатынын өңүңөн жана даамынан башкача болуп калыш себептери болуп калат, бирок анын терапевттик таасирине аракет кылбайт.

Исла-Минт жана Исла-Моос дары-дармек каражаттарында кант жок болгондуктан, аларды кант диабети менен ооруган бейтаптарга сунуштаса болот. 1 пастилкага  0,03 ХЕ = 0,385 г көмүртек туура келет.

Боюнда бар жана бала эмизген учурда: Боюнда бар жана эмизген учурда, дарыгер менен адегенде кеңешип, анан кабыл алуу керек.

0

Суроо берүү

To prevent automated spam submissions leave this field empty.