Дисменорм (Dysmenorm®)

Дисменорм гормоналдык эмес табигый немис препараты айыз циклин жана мастопатиянын бузулууларын дарылоо үчүн атайы жасалган.  Ал айыз кансыроолорунун ритмин, интенсивдүүлүгүн жана узактыгын жөнгө салат, сүт бездеринин ооруксунуусун, мастопатияны жок кылат, ошондой эле айыздын астындагы синдромдун (ААС) симптомдорун азайтат. 

Дисменорм 4 компонентти камтыйт:

  • Agnus castus (авраамдын дарагы) –Дисменормдун башкы компоненти, ал айыз астындагы синдромдун симптомдорунда, сейрек, аз келген айыздарда, айыз циклинин экинчи фазасынын гормоналдык жетишсиздиги тарабынан пайда болгон тукумсуздукта пайдалуу;
  • Pulsatilla (чабынды чанчуусу)  ААС симптомдорун жок кылат: баш оору, кыжырлануу, жашык болуу, сүт бездеринин ооруксунуусу жана ичтин төмөн жагынын оорушу, бет, шыйрак, манжалардын шишимик тартышы;
  • Rosmarinus officinalis (дарылык касиети бар розмарин) баштын айлануусун, баш оору, ичтин төмөн жагынын оорусун жок кылат, айыздын келишине түрткү берет, ал карышууну жазуучу жана өт айдоочу таасирге ээ болгондуктан, зат алмашууну жана боордун иштешин жакшыртат; 
  • Apis mellifica (бал берүүчү аары) үзгүлтүккө учураган айызды калыбына келтирет, узакка созулган кансыроолордо жардам берет жана сезгенүүдө циклдин нормалдашуусуна түрткү берет, беттин терисиндеги бүдүрлөрдү жок кылат. 

Дисменорм чоңдорго жана 12 жаштан жогорку курактагы кыздарга сунушталат. Аны узак убакытка чейин колдонууда жакшы көтөрүшөт, айыз циклинин бузулууларында (АЦБ) дагы, ошондой эле айыз алдындагы синдромдо (ААС) дагы гормоналдык фонду калыбына келтирет.

Европанын аялдары Дисменорм препаратына 50 жылдан ашык убакыттан бери ишенип келишет.