Көңүл бургула
Сайттын бул бөлүгү жарнамасы мыйзамы тарабынан каралбаган дары каражаттары жөнүндө маалыматты камтыйт. Бул бөлүктөгү маалымат таанышуу үчүн гана берилген, жалгыз гана илимий-маалыматтык мүнөзгө ээ жана кеңири тараптар үчүн жарнама мүнөзүндөгү Маалымат катары бааланбаш керек. Колдонуудагы мыйзамына ылайык бул маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүнө жалгыз гана медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлер ээ. Сураныч, сиз медициналык же фармацевтикалык кызматкерлер экениңизди ырастаңыз.

Дисменорм (Dysmenorm®)

Аялдардын арасында айыз учурундагы ооруксунуу – кадимки көрүнүш деген калпыс түшүнүк калыптанып калган. Чындыгында андай эмес. Оору болбошу керек. Эгер ал пайда болсо, анда дарыгерге кайрылып, алардын себебин билип, четтетүү зарыл. Гормоналдык балансты нормалдаштырууга жана айыздын ар кандай бузулушун четтетүүчү накта дарылар бар. Мисалы, немистин накта гормоналдык эмес дарысы Дисменорм.

Дисменорм* айыз циклин жана мастопатияны дарылоо үчүн атайын түзүлгөн. Ал ыргакты, интенсивдүүлүктү жана айыздык кан агууну жөнгө салат, сүт бездеринин, мастопатиянын жана ооруксунганын четтетип, айыз алдындагы белгилерди азайтат.

Дисменормдун курагында  4 компонент бар: Agnus castus (авраам бутагы) –Дисменормдун башкы компоненти, ал айыз алдындагы синдромдо, сейрек, аз келген айыздарда, гормоналдык жетишсиздиктен улам пайда болгон тукумсуздукта пайдалуу; Pulsatilla (шалбаа чанчкагы) ПМС белгилерин жок кылат: баш ооруну, беттин, тизенин, колу-буттун, шишигин, беттеги сепкилдерди, сүт бездеринин ооруксунганын жана ичтин төмөн жагынын оорушун жок кылат; Rosmarinus officinalis (дары розмарини) баш айланууну четтетип, баш ооруну, курсактын төмөн жагын четтетип, менструациянын келишине көмөк көрсөтөт, ошондой эле спазмолитикалык жана өттү иштете турган таасири болгондуктан боордогу зат алмашууну да жакшыртат; Apis mellifica (бал аары) бирдей келбеген айызды жөнгө салат, узак убакыт кан кеткенде жардам берет жана сезгенгенде циклдин нормалдашуусуна көмөк көрсөтөт. 

Чоңдорго жана 12 жаштан баштап кыздарга сунушталат. Ал узак убакыт ичкенде жакшы таасир берип, айыз цикли бузулганда жана айыз алдындагы синдромдо гормоналдык фондду калыбына келтирет. Европа аялдары Дисменорм дарысына 50 жылдан бери ишенишет.

 Дисменорм – аялдар гармониясынын гормондук эмес сактоочусу!

Дисменорм таблеткалары: өндүрүүчү DHU Arzneimittel GmbH & Co. KG (Германия), р. с. Р – 2011 – 653 КР №8937 от 28.12.2011.

* Дары каражатынын жанамасы. Колдонордун алдында нускамасын менен таанышыңыз жана дарыгерден кеңеш алыңыз. Балдар жетпеген жерде сактагыла.

Өз алдынча дарылануу саламаттыңызга зыян келтириши мүмкүн

Аялдын гармониясынын гормоналдык эмес сактоочусу

Чыгаруу формасы: табл., №80

Курамы:
Agnus castus (кургак калдыгы 1 мг) 125 мг
Pulsatilla trit. D3 25 мг
Rosmarinus officinalis trit. D2 25 мг
Apis mellifica trit. D3 25 мг

Башка ингредиенттери: лактоза моногидраты, магний стеарат, буудай крахмалы.

Фармакотерапевттик топ:
Гомеопатиялык дары-дармек каражаты.

Көрсөткүчтөрү:
Этек кирдин циклинин бузулушу жана этек кир алдындагы синдром.

Каршы көрсөтмөлөр:
Аарынын уусунун токсиндерине же дарынын башка бир ингредиенттерине белгилүү өтө сезгичтик учурларында колдонууга болбойт. 

Кыйыр таасирлер:
Бул убакка чейин белгисиз.

Өз ара аракеттенүүлөрү: Ушул убакытка чейин белгисиз. Гомеопатиялык дары-дармек каражаттарын кабыл алуу башка дары-дармекти кабыл алууга тоскоол болбойт

Дозадан ашыруу:
Ушул убакытка чейин белгисиз.

Сактоо шарттары: 15- 25°С температурада, балдар жетпеген жерде сактоо зарыл.

Жарактуулук мөөнөтү:  5 жыл.

Сатуу категориясы: рецептсиз.

Дисменорм комплекстүү гомеопатиялык дары болуп эсептелет, курамында этек кирдин цикли бузулганын дарылоодо бири бирин толуктап турган төрт сыноодон өткөн монопрепараттар бар. Дисменорм этек кирдин ритмин, интенсивдүүлүгүн жана узактыгын жөндөйт жана этек кирдин астында болуучу оорулардын симптомдорун азайтат. Дарынын компоненттеринин таасиринен канда пролактиндин концентрациясы төмөндөйт жана жыныстык гормондордун балансы нормалдаштырылат.

Дисменорм 4 компоненттен турат. Agnus castus (авраам дарагы) дары-дармек чийки заты катары бышкан кургак жемиштери колдонулат. Жемиштерде көп эфир майлары бар, башкы компоненттери болуп 1,8-цинеол, лимонен жана пинендер эсептелет. Agnus castus  пролактинингибирлөөчү таасирге ээ, этек кирдин цикли бузулганда дарылоодо, анын ичинде сары бөлүкчөлөрдүн жетишсиздигинде, ошондой туубастыктай жана этек кир алдындагы оору синдромдорунда колдонулат. Pulsatilla (шалбаа чанчкагы). Дары-дармек каражатынын негизи – гүлдөп жаткан өсүмдүктүн жердин үстүндөгү бөлүгү. Өсүмдүктө төмөнкү молекулалык май кычкылдыктарынын ликтондору, тритерпендик сапониндер жана башка заттар кирет. Чанчкак энелик бездердин функциялары жетишпеген учурда, аменордо, гипоминордо этек кир алдындагы синдромдордо, этек кир кечигип келген учурларда натыйжалуу. Rosmarinus officinalis (розмарин дары чөп). Дары-дармек чийки заты үчүн кургатылган эфир майларын кармаган жалбырактары колдонулат. Анын курамына камфара, 1,8-цинеол жана α-пинен кирет.  Розмарин тырышкандыкка каршы, тарамыш каарышууга каршы, зилден арылтуучу гепатопректодуу таасирлерге ээ, зат алмашууну жакшыртат. Ичтин асты ооруганда, баш ооруганда жардам берет, баш айланууну кетирет, этек кирдин келүүсүнө көмөктөшөт. Apis mellifica (бал аарысы). Бул дары-дармек каражатынын негизи- тирүү бал аарылары. Апизин деп аталган аарынын уулуу безинин резервуарынан алынган заттан биогенндик аминалар, пептиддик уулуу заттар фосфолипаз жана гиалуронидаз ферменттери бөлүнүп чыгат. Апис этек кирдин цикли бузулганда (аменорея, метроррагия), дисменорейде жана жумурткалар менен жатындын суук тийип сезгенүү ооруларында колдонулат. Этек кир келбей калган учурда, аз өлчөмдө келгенде, сейрек келгенде, же болбосо кандын көп агышы менен коштолсо, анын узактыгы көп болсо, этек кир алдында бөлүнүп чыгуучу кир заттардан арылууда жардам берет. Өзгөчө ювенилдик аменореяда1,2,3абдан натыйжалуу. Ошентип,  Дисменорм- бул гормоналдык эмес комплекстүү табигый этек кирдин циклинин функционалдык бузулушун алдын алууда жана дарылоодо колдонулуучу дары каражаты. Дисменорм пролактинингибирлөөчү, тырышмака каршы, суук тийгенге каршы, ооруганды басуучу, депрессияга каршы, седативдик, сергектетүүчү таасирлери бар, кан айланууну күчөтөт4. Дисменормду циклдин4 туш келген күнүнөн  баштап, бейтаптын кайрылган биринчи күнүнөн эле дайындоо сунушталат.

Башка көрсөтмөлөр жок учурда Дисменормду төмөнкүдөй колдонот:  

үзгүлтүксүз 1-2 таблеткадан күнүнө үч жолу этек кирдин узактыгы жана жыштыгы жөндөлгөнгө чейин, 3 айдан кем эмес ичиш керек; эгерде бул убакытта жакшыруу болбосо, дарыгер менен кенешиңиз. Таблеткаларды тамактын алдында жарым саат мурда же андан кийин жарым саат өткөндө, ооздо эритип туруп ичиш керек.

Дарыны глютеин оорусу бар бейтапты дарылоо үчүн жарайт, бирок крахмалга аллергиясы (глютеин оорусунан айырмаланган) бар бейтаптарга колдонууга болбойт.

Эгерде Сиздин дарыгериңиз Сизге кандайдыр бир канттын түрлөрүн көтөрө албайсыз деп айтса, ушул дарыны кабыл алуудан мурда аны менен кеңешиңиз.

Дисменормду боюнда бар аялдар колдонууга болбойт.

Башка фармацевттик дары-дармектер сыяктуу эле  Дисменормду эмизген учурда, дарыгер менен адегенде кеңешип, анан кабыл алуу керек.

0

Суроо берүү

To prevent automated spam submissions leave this field empty.