Көңүл бургула
Сайттын бул бөлүгү жарнамасы мыйзамы тарабынан каралбаган дары каражаттары жөнүндө маалыматты камтыйт. Бул бөлүктөгү маалымат таанышуу үчүн гана берилген, жалгыз гана илимий-маалыматтык мүнөзгө ээ жана кеңири тараптар үчүн жарнама мүнөзүндөгү Маалымат катары бааланбаш керек. Колдонуудагы мыйзамына ылайык бул маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүнө жалгыз гана медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлер ээ. Сураныч, сиз медициналык же фармацевтикалык кызматкерлер экениңизди ырастаңыз.

Циннабсин (Cinnabsin®)

Статистика боюнча мурун бүтүү (ринит) – суук тийүүнүн эң көп кезиккен түрү, ал эми гайморит – мурун бүтүүнүн эң көп сезгенүүсү. Ага жардам берүү жана сезгенүүнү өнүктүрбөөгө Циннабсин немис накта комплекстүү дарысы жардам берет.

Циннабсин 50 жылдан ашык убакыттан бери мурун бүтүү менен гайморитти дарылоо үчүн колдонулат. Циннабсин дарысынын башкы өзгөчөлүгу – көп тармактуу таасирге ээлиги, ал мурун дем алуусун гана калыбына келтирген тамыр тарытуучу тамчыдан жакшы эле айырмаланат. Циннабсин мурун менен дем алууну эле калыбына келтирбестен, мурун былжырындагы шишикти жок кылып, муун көндөйүн калыбына келтирет. Циннабсиндин дагы бир маанилүү жетишкендиги – бул организмдин өздүк коргоочу күчтөрүн жогорулатат жана курч процесстин өнөкөткө айланбашына тоскоолдук кылат. Циннабсинди 2 жаштагы балдарга жана чоңдорго бере берсе болот.

Мурун бүтүп, гайморит болгондо – Циннабсин!

Циннабсин таблеткалары: өндүрүүчү DHU Arzneimittel GmbH & Co. KG (Германия), р. с. Р – 2011 – 571 КР №8766 от 18.11.2011.

* Дары каражатынын жанамасы. Колдонордун алдында нускамасын менен таанышыңыз жана дарыгерден кеңеш алыңыз. Балдар жетпеген жерде сактагыла.

Өз алдынча дарылануу саламаттыңызга зыян келтириши мүмкүн

 

Сасык тумоодо жана гайморитте

Чыгаруу формасы:
Таблетка түрүндө, №100, 5 блистер 20 таблеткадан.

Курамы:
Cinnabaris trit. D3 25 мг
Hydrastis trit. D3 25 мг
Kalium bichromicum trit. D3 25 мг
Echinacea trit. D1 25 мг

Фармакотерапевттик тобу:
Гомеопатиялык дары-дармек каражаты.

Көрсөткүчтөрү:
Мурун көңдөй кыпчыкейлерин курч жана өнөкөт сезгениши (синусит).

Каршы көрсөтмөлөр:
Дары-дармек каражатын хромго, Echinacea,  башка татаал түстүү же курам бөлүкчөлөрдүн бирөөнө болгон өзгөчө сезимталдыкта дайындоого болбойт. Принципиалдуу көз караштын негизинде Циннабсинди прогрессивдүү өсүп бара жаткан системалык  кургак учук, лейкемия, лекозд, коллагеноз, аутоиммундук оорулар, унутчаак склероз, ЖИКС, АИВ-инфекция жана башка вирустук оорулар сыяктуу дарттарга колдонууга болбойт.
Циннабсин  глютендик энтеропатия менен ооруган бейтаптарга жарактуу. Дарыны крахмалга аллергиясы белгилүү болгондорго дайындоого болбойт (глютендик энтеропатиядан айырмаланган).

Кыйыр таасирлери:
Айрым учурларда теридеги кызамык же аш-казан. ичегинин иштөөсүнүн бузулушу сыяктуу өтө сезгичтик реакция байкалышы мүмкүн. Башка Echinacea-кармоочу дары-дармектерди кабыл алган бейтаптарда аллергиялык реакциялар белгиленген. Мындай жагымсыз окуяларда дарыны кабыл алууну токтотуп, дарыгер менен кеңешүү керек. Шилекей көп бөлүнүп баштаганда Циннабсин дары-дармек каражатын кабыл алуу дозасын төмөндөтүп же таптакыр эле кабыл алууну токтотуш керек. Гомеопатиялык дары-дармек каражаттарын оорунун болгон симптомдорунун мезгилдүү күчөшү мүмкүн (алгачкы начарлоо); бул учурда дарыны ичүүнү токтотуш керек жана дарыгер менен кеңешүү керек.

Өз ара аракеттенүүлөрү: белгисиз. Клиникалык изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча Цинабсинди комплекстүү терапияда ийгиликтүү колдонсо болот1.

Дозадан ашыруу:
Дозадан ашыруу учурлары белгисиз.

Сактоо шарттары: 15- 25°С температурада, балдар жетпеген жерде сактоо зарыл.

Жарактуулук мөөнөтү:  4 жыл.

Сатуу категориясы: рецептсиз.

Циннабсин — гомеопатиялык  айкалышкан дары-дармек каражаты. Cinnabaris тез жана ишенимдүү мурун көңдөйчөлөрүнүн сезгенгендигинин мүнөздүү баш оору, коздөн жаш агуу, ошондой эле беттин невралгиясына окшогон белгилерин жок кылат. Hydrastis жана Kalium bichromicum негизинен оорунун күчөшүнүн алдында жана өнөкөт болуп калган учурда таасир кылат, көбүнчө созулуп кеткен синуситте. Бардык үч курамы былжыр кабыктын шишигин кетирүүгө көмөктөшөт жана мурундун дем алуусун жөнгө салат. Echinacea иммундук системага жалпы колдоо көрсөтөт. Мына ошентип, Циннабсин курч жана өнөкөт риносинуситти дарылоо үчүн жасалган, себеби ал патогенездин негизги звенолоруна таасир кылат, шишикке каршы, иммунитетти өзгөртүүчү секретолитикалык касиеттерге ээ жана МЦТ нын иштешин нормалдаштырат.

Оорунун өтүшүп кеткен учурунда: 2 жаштан 12 жашка чейинки балдарга ар бир 2 саатта (бирок күнүнө 8 таблеткадан көп эмес) жакшы болуп калганга чейин берүү керек; андан кийин алар күнүнө 3 жолу 1 таблеткадан оорунун симптомдору жок болгончо алышат; чоңдор жана жашы 12 ден өткөн балдар ар бир саатта 1 таблеткадан (бирок күнүнө 12 таблеткадан ашпаш керек) жакшы болуп калганга чейин алыштары керек. Андан кийин 1-2 таблеткадан күнүнө 3 жолу сизден оорунун симптому жоголгончо алыңыз. Абалдын начарлашы сакталган кезде дарыны ичүүнү токтотуп, дарыгерге, дарылоону токтотконго 3 күн болгончо кеңешүүгө кайрылуу керек.

Өнөкөт синуситте: чоңдор жана балдар күнүнө 3 жолу 1 таблеткадан ичишет. Дарылоону 4-6 жумага созуу сунушталат.

Дарыны тамакка чейин жарым саат калганда же андан кийин жарым саат өткөндөн кийин, ооздо эритип туруп ичүү керек.

Циннабсинди 8 жумадан ашык дарыгер менен кеңешпей туруп ичүүгө сунушталбайт.

Эгерде Сиздин дарыгериңиз Сизге кандайдыр бир канттын түрлөрүн көтөрө албайсыз деп айтса, Цинабсинди кабыл алуудан мурда аны менен кеңешиңиз. Башка фармацевттик дары-дармектер сыяктуу эле Цинабсинди боюнда бар жана эмизген учурда, дарыгер менен адегенде кеңешип, анан кабыл алуу керек.

2 жашка чейинки балдарды  дарылоодо Циннабсинди алдын ала дарыгер менен кеңешкенден кийин гана колдонууга болот.

0

Суроо берүү

To prevent automated spam submissions leave this field empty.